Ош аэропортунда норка терилерин мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы аэропорттон норка терисинен жасалган буюмдарды жана норканын терилерин мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныкташты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жүктү текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок ташылып келген 109 даана норка терисинен жасалган баш кийим жана 161 даана норка териси табылган.

Аталган факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, учурда мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлүүдө.

7 Август 2026 жыл 12:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча