Бүгүн Бишкек–Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болгондугуна байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында унааларды өткөрмө пункттарына убактылуу чектөө киргизилди.
Жайыл районунун “Сосновка” өткөрмөсүндө оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 12:50дөн тартып убактылуу чектөө кирди.
Токтогул районунун “Арал” өткөрмөсүндө оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 13:40тан тартып убактылуу чектөө коюлду.