Президент “Ататүрк” паркына үй салгандар боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров “Ататүрк” сейил багында курулган турак үйлөр тууралуу да “Кабар” агенттигине комментарий берди.

“Эч кандай кош стандарттуулук эмес. Ата-Түрк паркына да 2005-жылы үй куруп алышкан. Биз алардын баарын жазында Ынтымак-Ордого чогултуп, паркты карапайым калк үчүн эң жогорку деңгээлде оңдоп бергиле же үйлөрүңөр «снос» болот деген маселени койгондо алар паркты оңдоп бергиле деген талапты тандашкан. Паркты эң жогорку деңгээлдеги бак кылып жасаш үчүн 500 млн сомдун тегерегинде акча жумшалат экен. Алар бүгүнкү күндө 100 млн сомдун тегерегинде акча чогултуп бүтүп калышты. Кудай буюрса, ал жер эң жогорку деңгээлдеги парк болуп жасалат. Ал паркты ошол тегеректе жашаган карапайым элибиз эле бала-чакасы менен колдонушат”,-деди Жапаров.

15 Август 2025 жыл 10:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча