Аялдар менен балдарды коргоо маселеси “кызыл чекке” жетип баратат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирди. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы жылдары зордук-зомбулук учурлар көбөйүүдө.
“Зордук-зомбулукту айтуунун өзү да оор, бул бирок биздин коом үчүн кечиктирилгис жат көрүнүш. Анткени, алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт. Биз буга жол бербешибиз керек. Мамлекет катаал чара көрөт. Аялга же балага кол салган бир да кылмышкер жазадан кутулбайт. Бул мамлекеттин принципиалдуу позициясы.