Депутаттардын кадыр-баркынын түшүшү президенттен же министрлерден көз каранды эмес. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта өлкө башчысы Садыр Жапаров Жогорку Кенештеги жыйында эл өкүлү Эрулан Кокуловго жооп берип жатып белгиледи.
«Депутаттардын кадырынын түшүп кетиши ар бир депутаттын өзүнөн, президенттен эмес. Майда-чүйдө маселелерди көтөрүп, болор-болбос бир нерсе менен элдин алдында уят болуп жатсаңар, эл кантип сыйлайт. Депутат деген орчундуу маселелрди көтөрүш керек», — деди Жапаров.