Президент Садыр Жапаров мамлекет шайлоону таза өткөрүү боюнча бардык шарттарды түзгөнүн билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 10-ноябрда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы жаңы ачылган кичи аренада өткөн “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форумунда сүйлөгөн сөзүндө айтты. Ал Кыргызстанда элдик толкундоолор дал ушул шайлоолордун айынан чыкканын кошумчалап, жаштарды шайлоого активдүү катышууга чакырды.
“Шайлоонун жүрүшүндөгү адилетсиздик, каратып туруп эле добуш сатып алуу, “карусель” уюштуруу, элдин пикири менен эсептешпөө, ачык-айкындыкты камсыз калбай коюу көндүм эле көрүнүш болчу. Азыр эми андай болбойт, ага чекит койдук. Шайлоо тилкелерин электрондук эсептөөчү аппараттар менен камсыз кылдык. Бир киши бир гана добуш бере алат жана ал ачык көрүнүп турат”, — деди президент.
Садыр Жапаров элди шайлоодо добушун сатпоого үндөп, мамлекет ар бир шайлоочунун тандоосу үчүн шарт түзүп бергенин кошумчалады.