Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында 585 батирдин ачкычын тапшырды (Видео)

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров мамлекеттик ипотекалык программа алкагында Жалал-Абад шаарындагы 585 батирдин ачкычын жаңы ээлерине тапшырды.

Эртең Сузак районунда дагы 370 үй-бүлө турак жайлуу болот. Бул мамлекеттин жарандарга кам көрүү саясатынын жана турак жай маселесин чечүүдө көрүлүп жаткан иш-аракеттердин ачык үлгүсү болуп саналат.

Бул багыттагы иштер Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин мыйзамсыз берилген жерлерди кайтаруу боюнча эмгеги менен да байланыштуу. Так ушул аянттарда миңдеген жарандар үчүн үйлөр курулууда.

Кыргызстандын аймагында миңдеген көп кабаттуу турак жайлар курулуп, калктын турмушун жакшыртууга багытталган иштер уланууда.

30 Август 2025 жыл 16:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча