Кыргызстанда кене чагып, ооруканага кайрылгандар соңку күндөрү көбөйө баштаганын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Мекеменин 21-апрелдеги маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери кене чагып алган 128 адам дарыгерге кайрылган, алардын көбү Бишкекте жана Чүйдө.
Жалпысынан 189 адам энцефалитине каршы эмдөө алды.
Адистер адатта жаз-жай айларында кене чагып алгандар көп катталарын, талаа-тоого чыкканда абайлоо керектигин эскертип келишет. Ошондой эле Ала-Арча, «Теплые ключи», Кегети капчыгайы жана Токмок токой чарбасына барбай туруу сунушталды.
Расмий маалымат боюнча өткөн жылы кене чагып алган 713 учур катталган.