Сак болуңуз! Тоолуу райондордо кар көчкү жана сел жүрүү коркунучу жогору

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 17-апрелден 19-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, өзгөчө төмөнкү тилкелерде кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт:

  • Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу).

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Коопсуздук үчүн унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты так сактоо зарыл.

Ошондой эле 17-апрель күнү туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

17 Апрель 2026 жыл 10:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча