Шайлоо тилкесинде мыйзам бузуу аныкталса, ал тилкенин добуштары толугу менен жокко чыгарылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрөгасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан дүйнөдө биринчи болуп, жаңы система менен шайлоо өткөрдү. Шайлоо жогорку деңгээлде, так жана ачык өттү.
“Жарандар кайсы жерде болбосун өзү каалаган тилкеге келип добуш бере алды. Ал эми жыйынтыктар шайлоо бүткөндөн кийин 20:01де түз эфирде көрсөтүлдү. Учурда социалдык тармактардан жана талапкерлерден түшүп жаткан арыздар каралууда. Ушул мүнөттөргө чейин бизге 11 арыз-даттануу келип түштү.
Анын ичинен:
Өлкө боюнча 2 миң 500гө жакын шайлоо тилкесине видеокөзөмөл орнотулуп, бардык видео тасмалар БШКга келип түшөт жана текшерилет. Мыйзам бузуу тастыкталса, тиешелүү тилкедеги жыйынтык жокко чыгарылат”,-деп белгиледи ал.
Муну менен катар төрага добуш сатып алуу же административдик ресурс колдонуу сыяктуу мыйзам бузуу фактылары шайлоо тилкесинен сыртта болгондуктан, аларды укук коргоо органдары иликтей турганын белгиледи.
“Алардын берген жыйынтыгына жараша БШК өз чечимин кабыл алат. Жарандарды жалган, туура жана так эмес маалыматтарды таратпоого чакырам. Мындай маалыматтарды таратууда жана айтууда этият болуңуздар. Дагы бир ирет айтам, ар бир мыйзам бузуу боюнча, иликтөө жана текшерүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам чегинде тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, үгүт шарттарын бузуу — шайлоо тилкелеринен сыртта болуп жаткан мыйзам бузуулар. Мындай жагдайды БШКнын текшерүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Ал үчүн атайын укук коргоо органдары бар. Шайлоо эң жогорку деңгээлде өттү. Биз сыймыктанышыбыз керек. Мыйзам бузуучулук болсо, ошол шайлоо тилкесиндеги добуштар жокко чыгарылат. Жеке мен өзүм жооп берем”,-деди ал.