1-майдан 6-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Балыкчы — Казарман —Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол — Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Транспорт министрлиги унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл
чектелиши зарылдыгын эскертет.