4-5-ноябрларда Кыргызстандын аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт:
мезгил-мезгили менен жаан, карга айланышы, тоолуу райондорунда кар жаашы, айрым
жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан
соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге
жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак
болот.
4-5-ноябрларда жана 6-ноябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп: Чүй
өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулукка чейин, Талас
өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулукка чейин, Ош, ЖалалАбад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 1…6° жылуулукка
чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -2…-7° суукка чейин, күндүз -2° сууктан …+3°
жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4° сууктан …+1° жылуулукка чейин,
күндүз 1…6° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн
-4…-9° суукка чейин, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо
түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суукка чейин, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-
20°, күндүз -5…-10° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын
ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
6-ноябрда түнкүсүн жана эртен менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын
өрөөндөрүндө -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка,
кант кызылчасы үчүн коркунучтуу