ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: ЖАКЫНКЫ АРАЛЫКТА БИШКЕК ЖАНА ЧҮЙДӨ КАТУУ ШАМАЛ КҮТҮЛӨТ

Жакынкы аралыкта Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет. Өзгөчө электр чубалгыларынан, жарнама калкандарынан, бак-дарактардан алыстап, коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз “112” кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.


11 Декабрь 2025 жыл 12:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча