
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мейманканадагы чырлуу окуя боюнча шектелип жаткан бийчи Жан Воинов жана анын кайниси Рустам Алмасов 1-августка чейин камакка алынды. Алар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында кармалат. Бул тууралуу соттун кеңсесинен кабарлашты.
Мейманканадагы окуя соцтармактарга тараган видеодон кийин белгилүү болду. Ал тасмада башкалаадагы «Шератон» мейманканасынын короосунда бир нече эркек үч кызга кол көтөрүп, аларды бассейнге күч менен түртүп ийгенин көрүүгө болот. Жабырлануучулардын бири Алина Жакыпова бийчи Воинов ал жерде бычак кармап жүргөнүн, кайниси менен чогуу кыздарга кол көтөрүп, аларга болушкандарды шериктери менен чогуу сабап салганын жазып, коомчулуктан жардам сураган. Жабырлануучу кыздарды эркектер сабап жатканда мейманкананын коопсуздук кызматы чара көрбөй, четте карап турганын сындаган.
3-июль күнү бул окуяга шектелип Жан Воинов жана анын кайниси Рустам Алмасов кармалган.
Милиция бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.