
5-июнь күнү кечинде Кытай Эл Республикасинин Төрагасы Си Цзиньпин менен АКШнын Президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү. Бул сүйлөшүү америкалык тараптын демилгеси менен болду.
Си Цзиньпин эки өлкөнүн алакасын туура багытта сактап калуу үчүн татыктуу башкаруу, тоскоолдуктарды жана саботаж аракеттерин жеңүү керектигин белгиледи. Ал жакында Женевада өткөн кытай-америкалык соода-экономикалык сүйлөшүүлөрдү маанилүү жетишкендик катары баалап, диалог жана кызматташуу – талашсыз жол экенин белгиледи. Кытай тарап келишимдерге берилген бойдон калып, сүйлөшүүлөрдөн кийинки макулдашууларды толук аткарып жатканын кошумчалады. АКШ да реалдуу баа берип, Кытайга карата кабыл алынган терс чараларды жоюшу керектигин баса белгиледи.
Ошондой эле, дипломатия, соода, коопсуздук жана укук тармактарында өз ара түшүнүшүүнү тереңдетип, кызматташууну кеңейтүү зарылдыгы айтылды. Тайвань маселеси боюнча Си Цзиньпин Вашингтонду этият жана акыл-эс менен мамиле кылууга чакырып, сепаратисттик аракеттер эки өлкөнү тирешке түртүшү мүмкүн экенин эскертти.
Өз кезегинде Дональд Трамп Си Цзиньпинге терең урматын билдирип, Кытай экономикасынын өнүгүүсүнө оң баа берди. Ал АКШ «бир Кытай» саясатын карманып келе жатканын белгилеп, Женевада жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча Пекин менен биргеликте аракет кылууга даяр экенин айтты. Ошондой эле, Кытайлык студенттердин АКШда билим алуусун кубаттай турганын билдирди.
Си Цзиньпин Трампты Кытайга расмий сапар менен келүүгө чакырып, Трамп ыраазычылыгын билдирди. Эки тарап сүйлөшүүлөрдү улантуу жана Женевада жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча макулдашышты.