Судандын батышындагы Марра тоолорунда түшкөн көчкүдөн улам бир айыл толугу менен жок болуп, бир гана адам тирүү калган. Бул тууралуу Reuters агенттигине таянып, РБК агенттиги билдирди.
Маалыматта ылайык, көчкү бир нече күндүк катуу жамгырдан кийин түшкөн. Дарфурдагы Судандын боштондук кыймылы (аскердик топ) БУУга жана башка эл аралык уюмдарга кайрылып, каза болгондордун сөөктөрүн чыгарууга жардам сурады.
Белгиленгендей, аталган айыл тургундары Марра тоолоруна Судандагы жарандык согуштан улам баш паанек издеп келишкен. Кагылышуунун башталышына өлкө президенти Омар аль-Башир кызматтан кулатылган, 2019-жылдагы аскерий төңкөрүш себеп болгон.