Бүгүн, саат 15:30 чамасында Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун 241,5 чакырымында тоо көчкүсү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жеринде №24 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат.
Ушу тапта инженердик техникалар тартылып, жолду ыкчам тазалоо иштери башталды. Кошумча маалымат берилет.
Министрлик айдоочуларды сак болууга жана унаалардын ортосундагы коопсуз аралыкты сактоого чакырат.