Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунда кар көчкү түштү. Жол жабылдыбы?

Бүгүн, 6-мартта саат 10:56 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 198-чакырымына кар көчкү түштү. Бул тууралуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Учурда жолдо бир тараптуу каттам бар, жол кыймылы көзөмөлгө алынган.

Жеринде № 24 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалар менен карды тазалоо жана жолду толук ачуу иштерин жүргүзүп жатат.

Кошумча маалымат берилет.

6 Март 2026 жыл 13:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча