
Талас шаарында бүгүн, 22-майда саат 18:10 чамасында катуу шамал болуп, анын кесепетинен Талас шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн чатырлары жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, турак үйлөрдүн үстүнкү бөлүгүнүн темир жана башка конструкциялар менен жабылган чатырларын учуруп кеткен. Аны менен катарлаш көп кабаттуу үйлөргө тартылган электр чубалгылары да жабыркаган.
Жерине ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери барып, тийиштүү иштерди жүргүзүп жатышат. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок экени айтылды.