Талиева үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууну күчөтүү керектигин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева өкмөттү үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу иштерин күчөтүүгө чакырды.

Депутат парламенттин 29-апрелдеги отурумунда жакында эле Баткен районундагы Чоң-Кара айылында күйөөсү жубайын өлтүрүп, кийин өзү асынып калган окуяны мисал кылып, алардын артында калган беш баласын мамлекет камкордукка алышы керектигин билдирди.

29 Апрель 2026 жыл 14:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча