
10-июндан тарта мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерге карата чаралар көрүлүп, айрымдары өлкөдөн чыгарылат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, өлкөгө 10 миллион турист келгени Кыргызстандын коопсуз болгонунан кабар берет.
«Биз мигранттарды кучак жайып тосуп алабыз, бирок алар өлкөнүн мыйзамдарын сакташы керек. 10-июнга чейин легалдашууга убакыт берилген. Ошондой эле, мигранттар коомдук нормаларды сакташы зарыл. Социалдык тармактарда кээ бир чет элдиктердин көлдө самындап жуунуп жаткан видеолору тарап жатат. Бул туура эмес. Мурда баарын депортациялоого шарт болбосо, азыр күчүбүз жетет», — деди Ташиев.