Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияга чекит койо турганын билдирди. Бул тууралуу ал Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Ташиевдин айтымында, коррупцияны жоюу боюнча президенттин буйругу аягына чыгат. Коррупция жогорку кызматтагылардын деңгээлинде гана эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, туугандары аркылуу жер сатууда, билим берүү мекемелеринде да бар экенин баса белгиледи.
«Мектептерге баланы жайгаштыруу үчүн 1 миң сомдон 10 миң сомго чейин акча талап кылып жатышат. Билим берүү тармагынын кызматкерлерине, мамлекеттик кызматкерлерге кайрылам — коррупцияны токтоткула. Мурункудай эле президенттин буйругу аткарылбай калат деп ойлобогула», — деп баса белгиледи Ташиев.
Ал ошондой эле тергөө маалында камактагылардын жакындары кылмышка шектүүлөрдү сабатсыздык же кысым көрсөтүү менен актап, аларды бошотуу өтүнүчү менен көп кайрыларын айтты.
«Мен коррупционерлердин башына таштай тием», — деп эскерткен УКМКнын башчысы
Ал ошондой эле 2026-жылы өлкөдө коррупцияны азайтуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү пландалып жатканын кошумчалады.