Ташиев: ”Мен сүйлөп жатканда телефон чукубай угуп тур” (Видео)

Камчыбек Ташиев бүгүн, 6-сентябрда, Нарын облусунун Кочкор районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, Кочкор райондук ооруканасынын абалы менен таанышты.

Эскилиги жеткен бир катар имараттарды бузуп, 4 кабаттан турган эки имарат курууну жана оорукананын айланасын жашылдандырууну жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырды. Тийиштүү акча каражатын өлкө башчысы Садыр Жапаровдун стабилдештирүү фондунан каржыланаары айтылды. 

Курулуш иштерин тез арада баштоо жана сапатына, иштин аткарылышына тыкыр көз салуу милдети жергиликтүү УКМК бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилди.

6 Сентябрь 2025 жыл 15:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча