Татарстандын Альметьевск районунда Кыргызстандын 2 жараны жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, КамАЗ жүк ташуучу унаасы менен Kia Carnival жеңил унаасы кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Кыргызстандын жарандары 1986-жылы туулган К.А.К. (айдоочу) жана 1987-жылы туулган Ш.А.Р. (жүргүнчү) окуя болгон жерде каза болгон.
«Маркумдардын сөөгү Алметьевск шаарындагы өлүкканага жеткирилген. Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталып, каза болгондордун туугандары аныкталууда», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, маселе Казань шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун көзөмөлүндө турат.