Өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 10-13-июлга карата аба ырайы

Синоптиктер Бишкекте аптанын экинчи жарымында аба ырайы кандай болорун айтышты.

10-июлда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Түнкүсүн +19 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Күндүз аба +28 градуска чейин жылыйт.

11-июлда түнкүсүн бир аз жаан жаап, +16 градуска чейин жетет. Күндүз ала булут каптап, термометрдин көрсөткүчү +33 градуска чейин көтөрүлөт.

12-13-июлда ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +17…+20, күндүз +35…+37 градуска чейин ысыйт.

9 Июль 2025 жыл 16:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча