Өткүн өтүп, күн күркүрөйт.7-июлга күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 7-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34;

Баткен облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градус болот.

6 Июль 2025 жыл 17:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча