Өткүн өтөт. 15-июнга күтүлгөн аба ырайы

15-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26

Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 32…34° ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 21…23° жылуу болот.

14 Июнь 2025 жыл 18:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча