Токмок шаарында наристени сүзүп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда 2025-жылдын 7-сентябрында саат 23:30 чамасында Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Токмок шаарындагы даректердин биринде жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен кичинекей наристе каза болгону тууралуу билдирүү түшүп, окуя болгон жерге Токмок ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүшкөн. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 23:30 чамасында Токмок шаарынын Ленин көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй бара жаткан Ф.Т. аттуу жаран мотоцикл менен жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, натыйжада ал жерден кичинекей наристе алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болуп, ал эми 2004-жылы туулган С.Ф. аттуу наристенин апасы алган жаракатынан улам шаардык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилгени аныкталган.
Бул факт боюнча 8-сентябрда Токмок ШИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 312-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмыш ишинин алкагында 2002-жылы туулган Ф.Т. аттуу жаран КРнын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда, жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынат.