Токмоктогу окуучу кыздын зордукталышы. Агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Токмоктогу окуучу кыздын зордукталышы боюнча окуя агартуу министринин жеке көзөмөлүндө.

Ведомствонун маалыматына караганда, окуя боюнча Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнө өз убагында кылдат териштирүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилген.

«Учурда Токмок шаарынын мэриясы тарабынан атайын комиссия түзүлүп, териштирүү иштери улантылууда. Мындан тышкары, бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан иликтөө жүргүзүлүүдө. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Токмокто мугалим окуучу кызды зордуктоого шектелгенин Чүй облустук милициясынан билдиришкен.

Милициянын маалыматына караганда, 10-апрелде Токмок ШИИБине орто мектептердин биринин окуучусу, 2012-жылы туулган Ж.Н. ошол эле мектептин физика мугалими, 2005-жылы туулган А.А. тарабынан зордукталганы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат каттоого алынып, «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Натыйжада мугалим А.А. кармалып, 2 айга камакка алынды.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

21 Апрель 2026 жыл 11:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча