Токтогул суу сактагычында браконьерликке каршы рейд: 600 метр синтетикалык тор жыйналды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы Токтогул суу сактагычы аймагында балык запастарын коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү максатында ыкчам рейддик иш-чара уюштурду.

Рейддин жүрүшүндө суу акваториясы жана жээк тилкеси тыкыр текшерүүгө алынып, мыйзамсыз салынган узундугу 600 метр болгон синтетикалык тор жыйналып, жараксыз абалга келтирилди.

Мындан тышкары, суунун жээгинен ээси жок, темирден жасалган колдо жасалма кайык табылып, тиешелүү тартипте атайын сактоочу жайга жеткирилди.

Мындай рейддик иш-чаралар балык ресурстарын сактоо, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу максатында туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.

3 Май 2026 жыл 12:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча