Токтогул районунун Толук айылында кыштоодо калган 10 жаран 2811 баш малы менен айылга эвакуацияланды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дагы 3 короодон мал-жандыктар жолдо келе жатат. Ал эми калган 6 малчынын тамак-ашы жана тоюту жетиштүү болгондуктан көчүүдөн баш тарткан. Айыл өкмөтү тарабынан мал ээлерине эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, аталган аймакта кар калың түшүп, жол каттамы жабылып, натыйжада 13 короодо турган 26 жаран мал-жандыктары менен кыштоодо калып калган.
Кыштоодо калып калгандарга Толук айыл аймагынан ат менен жардам көрсөтүүгө атчан 50 адам жөнөтүлгөн.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында эртең мененки саат 10:00гө карата 5 короодон жалпы 10 жаран 2811 баш мал-жандыгы менен айылга жеткирилди.
Анын ичинде:
1-короодо 550 жандык, 2 адам;
2-короодо 730 жандык 2 адам;
3-короодо 564 жандык 2 адам;
4-короодо 367 жандык 2 адам;
5-короодо 600 жандык 2 адам менен жалпысынан 10 адам 2811 жандык келди.
«Учурда Толук айыл аймагынын ички жолдорун жана айылдарды бири-бири менен байланыштырган жолдорду тазалоо максатында 3 техника иштеп жатат. Ички жолдор 24-декабрга чейин толугу менен тазаланып бүтөрү пландалууда. Жабыркагандар жок»,-деп айтылат маалыматта.