Тоолуу райондордо кар жаайбы? 24-апрелге күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 24-апрелде түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым желеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18.

Бишкек шаарында түнкүсүн 10…12°, күндүз 20…22° жылуу болот.

23 Апрель 2026 жыл 17:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча