
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 21-майда мыйзамсыз миграцияга байланыштуу жыйын өткөрдү. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, анда өлкөдө 5 миңдей мигрант мыйзамсыз жүргөнү айтылып, ушул жылдын 10-июнунан тартып рейддер башталары эскертилди.
«Көптөгөн чет өлкөлүктөр жана чакыруучу субъекттер өлкөгө кирүүнүн жагымдуу жана жөнөкөйлөтүлгөн тартибин кыянаттык менен колдонушат. Чет элдиктер өлкөгө потенциалдуу туристтердин жана студенттердин атын жамынып келип, иш жүзүндө мыйзамсыз иштешет. Юридикалык жактар жана чет өлкөлүктөр, мамлекеттик алымды төлөөдөн качуу, мыйзамсыз мигранттарды (студенттер жана туристтер) жумушка кабыл алат, ошону менен миграциялык мыйзамдардын колдонуудагы талаптарын одоно бузушат»,-деп жазылган УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Жыйында мыйзамсыз миграцияны тыюу максатында тиешелүү мекеме-органдарга бир катар тапшырмалар берилди. Анда 20 күндүн ичинде (10-июнга чейин) Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды чыгаруу, бул убакыт аралыгында тиешелүү маалыматтарды таратуу, 10-июндан тартып укук коргоо органдары мыйзамсыз мигранттарды аныктоо үчүн текшерүүлөрдү баштоо сыяктуу чаралар бар.