УКМК кылмыштуу топтун мүчөсү «Кешаны» кармады (видео)

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2009-жылдан бери ыкчам каттоодо турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Камчы Асанбектинтарапташы, мурда Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон «Кеша» кармалды.

Ал 2016-жылы баңгизат саткандыгы үчүн 12 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилген. Жазасынын жарымын өтөгөндөн кийин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арыз берип, Токтогул райондук соту аны канааттандырган. 2022-жылдын 18-октябрынан 2025-жылдын 13-мартына чейин пробациялык көзөмөлдө болгон.

Пробациялык көзөмөлдө жүргөн мезгилде, ал көзөмөл шарттарын одоно бузуп, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын Казакстан көздөй «брод» деп аталган тилке аркылуу системалуу түрдө мыйзамсыз кесип өтүп жүргөн.

2-сентябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында тыюу салынган заттарды ташып кирүү жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу максатында кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

4 Сентябрь 2025 жыл 9:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча