УКМКдан жабыр тарттым деген ишкерлердин арызы каралабы?

Жогорку Кеӊештин депутаты Элвира Сурабалдиева 11-марттагы парламенттин жыйынында ар кандай кылмыш иштери менен кармалган ишкерлер боюнча маселе көтөрдү.

“УКМК мамлекетке өткөн мүлктөрдүн тизмесин жарыялашы керек. Ишкерлерден канча мүлк алынды, алардын канчасы өз эрки менен өттү жана канчасы мажбурлоо жолу менен. Андан тышкары ошолордун ичинен чын эле мамлекетке канчасы алынды? УКМКнын кызматкерлери мүлктөрдү өздөрүнө, туугандарына каттатып алганы ачык айтылып жатат”, — деди ал.

Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилерине ишкерлерден арыз түшсө калыс текшерип, адилет чечим кабыл алуу тапшырмасы берилгенин айтты.

“Жарымын өзүнө алып, жарымын мамлекетке өткөргөн” деген сөздөрдү да иликтеп көргүлө дедим. Ким жарымын чөнтөгүнө алып алган болсо кайра мамлекетке өткөргүлө дедим. Акчасын, мүлкүн, бизнесин тарттырып жибергендер болсо кайра кайтарып бергиле дедим. Азыр ошонун үстүндө иш жүрүп жатат. Ал эми мамлекетке өткөн мүлктөр жылдын аягына чейин ревизия болуп бүтөт. Ошондон кийин чыгарабыз”, — деди президент.

11 Март 2026 жыл 12:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча