Унааны сатып жиберген. Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Борбор калаада алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, У.К. аттуу адамга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган.

Себеби, Бишкек шаарынын 6-кичи районунда ишенимге кирип, алдоо жолу менен биргелешкен бизнес жүргүзүү жана кирешени көбөйтүү шылтоосу менен Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алган. Бирок кийин аталган унааны башка адамдарга сатып жиберип, акча каражаттарын өз каалоосу боюнча пайдаланган.

Натыйжада арыз ээсине 15 миң 500 АКШ доллар өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмы-жаза кодексинин 209 беренесине (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан 32 жаштагы шектүү кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар 0(700) 12-66-22 же 102 номерине кабарлоосу зарыл.

9 Март 2026 жыл 12:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча