Япониянын түндүгүндө калың жааган кардан улам 30дан ашык адам каза болду

Япониянын түндүгүндө калың жааган кардан улам 38 адам каза болду. Бул тууралуу Associated Press агенттиги кабарлаганын, Известия жазды.

Маалыматка караганда, Японияда катталган 38 өлүмдүн жана жүздөгөн жаракаттардын көпчүлүгү адамдар үйлөрүнөн карды тазалап жатып, кулап кеткенден улам болгон.

Япониянын түндүгүндөгү күрүч өстүрүүчү Ниигата аймагында 12 өлүм катталган. Каза болгондордун арасында Уонума шаарында үйүнүн чатырынан табылган 50 жаштардагы эркек киши да бар.

5 Февраль 2026 жыл 18:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча