Ырайым менен эркиндикке чыккан Даниел Ажиев эки айга камалды

Президенттин ырайымы менен абактан чыкканынан көп өтпөй, кайрадан маңзат ишине шек саналып кармалган Даниел Ажиев 8-мартта эки айга Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Даниел Ажиев 6-мартта Токмок шаарынын айланма жолунда кармалган. Ага Чүй облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо”) негизинде кылмыш ишин козгогон.

Даниел Ажиев 2024-жылы вебкам иши боюнча тогуз жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал президент Садыр Жапаровдун ырайымы менен абактан чыкканын мамлекет башчынын администрациясы 18-февралда билдирген.

Көп өтпөй эле Ажиевдин абактан тик учак менен чыгып кеткени тартылган тасма социалдык тармактарга тарап, маалыматты 5-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Азаттыкка» ырастаган. Тик учак үчүн 268 миң сом ижара акысы төлөнгөнүн, ижара тууралуу буюртманы Ажиевдин жакындары беришкенин билдирген. Бул окуя коомчулукта талкуу жаратып, нааразы пикирин айткандар болгон.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 6-мартта анын абактан чыгышы боюнча комментарий берип, апасынын кайрылуусунан улам ырайым бергенин айткан.

9 Март 2026 жыл 11:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча