Ысык-Көлдө уруксаты жок иштеп жүргөн теплоходдун ээсине 5,5 миң сом айып салынды.
Мыйзам бузуу Тамчы айылынын аймагындагы эс алуу жайларын текшерүү учурунда аныкталган. Кеменин ээси уруксат алуу процессин баштаганын билдирди.
Документтер даяр болгонго чейин теплоход иштебей турганын Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.