Өзгөндө асынган абалда табылган келиндин өлүмү. Милиция иликтеп жатат

Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан 12-апрелде Өзгөндө асынган абалында табылган келиндин иши боюнча иликтеп-тергөө иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Милиция кабарлагандай, 29 жаштагы келиндин сөөгү өз үйүнөн асынган абалда табылганы тууралуу маалымат жергиликтүү милиция бөлүмүнө 12-апрель күнү, саат 19:00 чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге жана маркумдун сөөгүнө кароо жүргүзүлгөн, күбөлөр суралган.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда окуянын чоо-жайы толук иликтенип жатат.

Соцтармактарда маркумдун үч баласы бар экенин жазышууда.

Бул окуя жыл башынан бери жаш келин асынган абалда табылган экинчи учур.

15 Апрель 2026 жыл 15:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча