Исхак Масалиевдин Өзгөндөгү акы төлөнүүчү айланма жолдун убактылуу жабылышы тууралуу билдирүүсү коомчулукта талкуу жаратты. Бирок бул жол Кыргызстандын тарыхындагы биринчи акы төлөнүүчү жол болуп саналгандыктан, мындай масштабдуу долбоорлорду сындоо эмес, колдоо маанилүү.
Аймакта интернет байланышынын жоктугу долбоордун убактылуу жабылышына негизги себеп болду. Учурда долбоорду ишке ашырган компания заманбап “Starlink” спутниктик системасын орнотуу иштерин жүргүзүүдө. Бул жаңы технологиялык чечим кымбат жана жогорку сапатты талап кылганына карабастан, жолду эффективдүү башкаруу жана колдонуучулар үчүн коопсуз шарттарды түзүү максатында тандалды.
Мындан тышкары, убактылуу жабылыш техникалык иштердин акыркы этаптарын бүткөрүүгө да багытталган. Бул кадам жолдун узак мөөнөттүү иштешин камсыздап, аймактагы жашоочулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз транспорттук байланыш түзүүгө өбөлгө болот. Алгачкы акы төлөнүүчү жол аз убакыт алалыктан кийин кайра эле ишке кирет.
Мындай масштабдуу долбоорлор баштапкы этапта кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн, бирок алардын келечектеги пайдасы чоң. Акы төлөнүүчү жолдор мамлекеттин инфраструктурасын өнүктүрүүдө жаңы деңгээлге чыгарып, бюджетке кошумча каражат тартууну камсыздайт. Ал эми бул каражаттар элдин жыргалчылыгына жумшалат.
Депутаттар жана коомчулук, айрыкча мындай алгачкы долбоорлорду, көйгөйлөргө карабастан, колдоого алып, Кыргызстандын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө салым кошуусу зарыл. Өзгөндөгү жол өлкөнүн келечектеги инфраструктуралык жетишкендиктеринин пайдубалын түзө турган долбоор.