Өзгөн районундагы (Ош облусу) Мырза-Арык айылында үйдөн өрт чыгып, төрт бөбөк каза болду. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Өрт түнкү саат 2:00 чамасында тутанып, аны өчүрүүгө эки бригада барган.
«Тилекке каршы, төрт бөбөк (7, 5, 4 жашар эркек балдар жана үч жашар кыз каза болду», — деп билдиришти.
Окуя болгон жерге Ош облусунун ӨКМ башкармалыгынын жетекчиси да барган. Өрттүн эмнеден чыкканы такталып, иликтөө жүрүүдө.