
Эртең, 24-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;
Талас жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31;
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;
Нарын дубанында түнкүсүн +5…+10; күндүз +21…+26 градуска чейин жетет;
Бишкекте түнкүсүн +14…+16, күндүз +26…+28 градус болот.