Жаан жаайбы? 15-апрелге күтүлгөн аба ырайы

15-апрелде түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бийик тоолордо жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындатүнкүсүн 9…14, күндүз 23…28

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 16…21

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын жаабайт, кечке жакын жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 25…27° ысыйт.

14 Апрель 2026 жыл 15:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча