Жаан жаап, күн күркүрөйт. 18-апрелге күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 18-апрелде түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана күндүз бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясынын 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 12…17

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17

Бишкек шаарында түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашынын ыктымалдыгы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 14…16° болот.

17 Апрель 2026 жыл 17:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча