Жаан жайбы? 10-майга күтүлгөн аба ырайы

10-майда түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 16…21;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 17…19° жылуу болот.

9 Май 2026 жыл 17:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча