Жайыттарга учак менен үрөн жана жер семирткич себилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков УТРКнын «Диалог» берүүсүндө жайыт боюнча чоң долбоор кабыл алынып жатканын айтты.

Министрдин айтымында, анда 300 миң гектарга чейин жайытты жакшыртуу каралууда.

«Анын ичинде 30 миң гектарга чейин жайытка үрөн себүү, калгандарына жер семирткич чачуу пландалууда. Апрелдин аягынан тарта союз кезиндегидей жер семирткич жана үрөндү учак менен себүү иштери башталат», — деди министр.

25 Март 2026 жыл 12:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча