Жакшылык Байташов Азия чемпионатынын коло медалын утту

11-апрелде Жакшылык Байташов эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын коло байге ээси болду.

Ал 79 кг чейинки салмактын алгачкы беттешинде Индиялык Сандип Сингх Маннуга 0:7 эсебинде жеңилген, бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Анда Иорданиялык Эрзо Исаковду 6:2 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күч сынашууга чыккан.

Чечүүчү беттеште Тажикстандык Самонждон Икромовду 6:0 эсебинде жеңип үчүнчү орунга ээ болду.

12 Апрель 2026 жыл 8:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча