67 кг салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан Жантөрө Мирзалиев Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ал өзбекстандык Фаёзбек Эшмирзаевди 5:1 эсебинде жеңген, алтын медаль үчүн болгон чечүүчү беттеште россиялык Эрзу Закриев менен беттешет.
Ошондой эле бүгүн, 23-августта 55 кг, 67 кг, 72 кг жана 97 кг салмак категориясында финалдык беттештер өтөт.
Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:00до башталат.