14–15-август 2025-жылы Ысык-Көлдө өткөн VII Кыргыз-Россия экономикалык форумуна «Альянс Алтын» компаниясы катышты. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен өткөн бул иш-чарага Кыргызстан, Россия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөнүн, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун миңден ашык өкүлү катышты.
Форумдун алкагында компания 100дөн ашык ишкананы чогулткан көргөзмө-жарманке экспозициясынын катышуучусу болду. «Альянс Алтындын» стендинде Талас облусундагы эң ири өнөр жай объекти жана Кыргызстандагы эң ири ишканалардын бири болгон «Жерүй» кениндеги негизги ишмердүүлүк багыттары көрсөтүлдү. Келген коноктор технологиялык чечимдер, колдонулган экологиялык стандарттар, өндүрүштүк коопсуздук системасы жана аймактарды колдоо программалары менен таанышты.
Өзгөчө көңүл Талас облусунда курулуп жаткан «Жерүй» чакан ГЭСинин долбооруна бурулду. Бул инвестициялык долбоор «Альянс Алтындын» демилгеси менен 2024-жылы түзүлгөн «Альянс Гидро» компаниясы тарабынан ишке ашырылууда. ГЭСтин кубаттуулугу 28 МВтка чейин жетип, жылына 100 млн кВт·с электр энергиясын өндүрөт. Объект экологиялык туруктуулук принциптерине ылайык — ири көлөмдөгү суу каптоосуз жана сууну толук калыбына келтирүү шарты менен курулууда. Долбоордун жалпы наркы 39 млн долларды түзүп, анын 25 млн долларын Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылап жатат.
Мындан тышкары, форумдун алкагында «Альянс Алтын» жана Кыргыз-Россия Славян университети кызматташтык келишимине кол койду. Документ инженердик жана техникалык кадрларды даярдоону, билим берүү демилгелерин өнүктүрүүнү жана илимий-тажрыйбалык долбоорлорду ишке ашырууну карайт.
«Альянс Алтын» дагы бир жолу диалогго ачык экенин, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана энергетика, өнөр жай, билим берүү менен адам капиталын өнүктүрүүгө багытталган туруктуу демилгелерди ишке ашырууга умтуларын ырастады.